Орусиянын аскерлери 13-октябрдын кечинде Киевге баллистикалык ракеталар менен сокку урду. Чабуулдан кийин урандылардын алдынан дагы бир адамдын сөөгү табылып, каза болгондордун саны үчкө жетти.
Киевдин мэри Виталий Кличконун маалыматына караганда, Деснянский районундагы тогуз кабаттуу турак жайдын урандыларынан эки адамдын сөөгү табылган. Жалпысынан 21 киши жабыркап, алардын арасында сегиз жаштагы бала да бар.
Мэрдин айтымында, жараат алгандардын 16сы ооруканага жаткырылды. Төрт адамдын абалы оор деп бааланууда. Чабуулдан кийин көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатынан сегизинчи кабатына чейин батирлерде өрт чыгып, жогорку кабаттардагы тургундар эвакуацияланган.
Украинанын президенти Владимир Зеленский ракеталык соккудан турак жайдан тышкары Киевдеги ЖЭБ-4 да жабыркаганын билдирди. Анын айтымында, чабуул алдында Украина өнөктөш өлкөлөрдөн эскертүү алган эмес.
Буга чейин Financial Times басылмасы өз булактарына таянып, АКШ өкүлдөрү Украинанын мунай иштетүүчү заводдорго жасаган соккуларына байланыштуу Киев менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү токтотуу мүмкүндүгүн эскертишкенин жазган. Бирок кийинчерээк Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига маалымат алмашуу улантылып жатканын билдирген. АКШ президенти Дональд Трамп да мындай кызматташтык токтотулганын четке каккан.
13-октябрда Украинанын Харьков шаарында ракета соккусу урулган көп кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан дагы бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардын мэри Игорь Терехов билдирди.
Анын айтымында, Холодногор районундагы жабыркаган үйдө издөө-куткаруу иштери дагы эле уланууда. Куткаруучулар урандылардын арасында дагы адамдар болушу мүмкүн экенин белгилеп жатышат.
Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 12-октябрдын кечинде орус армиясы Харьковдун Холодногор жана Шевченко райондоруна ракета менен сокку урган. Аткылоодон турак жай кварталдары жана жарандык инфраструктура объекттери жабыркаган.
Ракеталардын бири төрт кабаттуу турак үйгө тийип, кире бериш бөлүгү толугу менен урап түшкөн. Куткаруучулар урандылардын арасынан үч адамды аман алып чыгууга жетишкен. Жалпысынан кеминде 11 адам жараат алганы кабарланган.
Кол салуунун кесепеттерин жоюу учурунда бир куткаруучу да жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Шаардын башка аймактарында дагы кыйроолор жана өрттөр катталган. Окуя болгон жерлерде куткаруучулар, пиротехниктер, кинологдор, полиция кызматкерлери, дарыгерлер, ыктыярчылар жана коммуналдык кызматтар иштеп жатат. Психологдор жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө.
Орусиянын Украинага каршы ачкан согушу 2022-жылдын февралынан бери уланып келет. Согуш маалында тараптар жарандык объекттерге сокку урганын четке кагып келишет. Бирок эл аралык уюмдар менен байкоочулар эки тарапта тең жарандардын өлүмүнө жана жарандык инфраструктуранын кыйрашына алып келген чабуулдарды каттоодо.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамптын "энергетикалык элдешүү" тууралуу күтүүсүз билдирүүсүнөн кийин Орусияны электр станциясына сокку урууга айыптады. Ошол эле учурда Москва элдешүү тууралуу божомолдорго эч кандай комментарий берген жок.
"АКШнын президенти "энергетикалык элдешүү" тууралуу билдирди. Бул барыбыз үчүн жакшы жаңылык жана мунун чындыгында ишке ашуусу маанилүү", - деп жазды Зеленский 11-октябрь күнү кечинде.
Ал Орусия Киевдеги электр станциясына ирандык үлгүдөгү "Шахед" дрондорун учуруп, натыйжада көптөгөн райондордо электр жарыгы өчүп калганын кошумчалады. Кийинчерээк Харьков облусундагы энергетикалык объектилерге да соккулар жасалган. Мунун баары АКШ президентинин энергетика тармагында ок атышууну токтотуу тууралуу билдирүүсүнөн кийин болду.
Орусия Украинанын энергетиекалык инфратүзүмдөрүнө Трамптын билдирүүсүнөн кийин сокку урду деген маалыматты көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн болгон жок. Бирок Москва Трамптын билдирүүсүнө байланыштуу комментарий бере элек.
АКШнын президенти Дональд Трамп 11-октябрда Орусия менен Украинанын ортосунда "энергетикалык элдешүү" күчүнө киргенин Truth Social социалдык тармагына жарыялап, "муну бузбагыла!" - деп жазган.
Ал өзүнүн Телеграм каналына Трамптын билдирүүсүнөн кийин НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте, Финляндиянын президенти Александр Стуб жана Канаданын премьер-министри Марк Карни менен сүйлөшкөнүн жазды. Зеленский аларга Украина ок атышууну токтотууну колдой турганын, Орусия дагы аны колдоосу маанилүү экенин билдирген.
Мурдарак Зеленский: "Биз америкалык тараптан кененирээк маалымат күтүп жатабыз. Биз, украиналык тарап чыңалууну басаңдатууга, адам өмүрүн сактоого, ошондой эле согушту токтотуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чечимдерге багытталган кадамдарды ар дайым колдойбуз", - деп жазган.
Трамп энергетикалык объектилерге сокку урууну токтотуу макулдашылганын 14-сентябрда дагы жарыялаган. Бирок орус армиясынын соккулары уланган.
Буга чейин Зеленский Орусия Украинанын энергетикалык инфратүзүмдөрүнө чабуулдарын токтоткон шартта гана Киев орусиялык мунай иштетүү заводдоруна сокку урууну токтоторун билдирген.
Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери 12-октябрда Орусияга каршы санкциялардын 22-пакетин бекитишти. Жаңы чектөөлөр болжол менен 1600 жеке адамга жана юридикалык жактарга, негизинен курал-жарак өндүрүүгө байланыштуу адамдарга багытталган. Бул тууралуу биримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас билдирди.
Анын айтымында, бул Орусия Украинага бастырып киргенден кийинки Европа Биримдигинин эң ири санкциялык тизмеси болуп эсептелет. Тизмеге жаңы киргизилгендердин жарымынан көбү баллистикалык ракеталарды өндүрүү менен байланышкан.
"Биз Орусиянын украиналыктарды өлтүрүүдө колдонгон курал-жарактарды өндүрүүсүн кыйла татаалдаштырып, жайлатып жана кымбаттатып жатабыз", - деп жазды Каллас.
Чектөөлөр баллистикалык ракеталарды, анын ичинде "Искандер-М" системасы үчүн ракеталарды иштеп чыгуу, сыноо жана өндүрүү менен алектенген ишканаларга тиешелүү. Алардын катарына ракета майын, кыймылдаткычтарды, атайын текстилди, ошондой эле синтетикалык жана карбон булаларын өндүрүүчүлөр кирет.
Санкциялык тизмеге учкучсуз учак өндүрүү, суу астындагы кемелерди тейлөөчү кеме куруу ишканалары киргизилген.
Мындан тышкары, чектөөлөр Орусиянын армиясы басып алган Украинанын аймактарында Мамлекеттик Думага шайлоо өткөрүүгө катышкан 77 адамга, ошондой эле Орусиянын аскердик ишмердүүлүгү менен байланышы бар Түндүк Кореянын жети жеке жана юридикалык жактарга да тиешелүү.