Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45
Одесса. 2026-жылдын 30-апрели.
Одесса. 2026-жылдын 30-апрели.

Трамп Путин 9-майга карата атышууну токтото турууга даяр экенин айтты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:56 24.2.2022

Йенс Столтенберг: Тарап жаткан жалгандарга жана туура эмес маалыматтарга карабай Кремлдин ой максаты дүйнөгө маалым. Орусия өзүнүн акылга сыйбаган аракеттери үчүн жооп берет".

НАТОнун баш катчысы Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу кайрылуу жасады.

19:14 24.2.2022

"Орусиялыктардын согушка каршы аракети гана бул планетадагы жашоону сактап калат"

"Новая газетанын" башкы редактору жана Нобель сыйлыгынын лауреаты Дмитрий Муратовдун билдирүүсү:

19:34 24.2.2022

Украиналык аскерлер камфуляж кийген адамдардын туткунга түшкөн учурун жарыялашты. Алдын ала маалыматта колго түшкөндөр орусиячыл жикчилдердин "ЛЭР армиясынын" согушчандары болушу мүмкүн.

19:58 24.2.2022

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу кайрылуу жасап, бул аракетти кескин айыптады. Ал муну “атайын даярдалган, карөзгөйлүк менен пландалган кол салуу” деп атады.

“Орусия тарыхты кайрадан жазып чыгуу үчүн күч колдонуп жатат. Орусия Украинага кол салды. Бул согуштук акт. Биздин ой-мүдөөбүз азыр Украинанын калкы менен. Биздин континентте тынчтык толук бузулду”, - деди ал.

Столтенберг НАТО альянстын аймагынын ар бир метр жерин коргоп аларын айтып, уюмга мүчө болгон 30 мамлекеттин лидерлери 25-февралда онлайн саммит өткөрөрүн жарыялады. Ал уюмдун мүчөлөрүнүн аба мейкиндигин коргоо үчүн аскердик 100 учак толук даярдыкта турганын кошумчалады.

Мунун алдында НАТОго кирген Эстония, Латвия, Литва жана Польша коргонууга даяр туруу үчүн уюмдун жыйынын өткөрүүнү талап кылган. Украина аталган альянска мүчө эмес, анын уюмга кирүү аракети Орусиянын нааразылыгын жаратты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG