Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Түз ободо Москвага дрондор чабуул койду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




19:50 27.2.2022
Харьковдогу айыгышкан салгылашуу, бейажал өмүрү кыйылгандар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

20:00 27.2.2022

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында, Припять дарыясына жакын жерде өтөт. Бул тууралуу 27-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский "Фейсбук", "Телеграм" аркылуу билдирди. Ал мындай мындай чечим Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынганын айтты.

"Александр Лукашенко украин делегациясынын сапары, сүйлөшүүлөрү жана артка кайтып келиши маалында Беларустун аймагында жайгашкан бардык учактар, тик учактар жана ракеталардын жерде калышын камсыздоо жоопкерчилигин өзүнө алды", - деп билдирди Зеленский.

Буга чейин Кремль тынчтык сүйлөшүүлөрүн Беларустун баш калаасы Минскиде өткөрүүнү сунуштаган. Бирок Зеленский Беларустун аймагынан Украинага агрессия жасалганын жүйө кылып, сүйлөшүүлөрдү Беларуста эмес, Европанын башка шаарларында өткөрүүнү сунуштаган.

20:41 27.2.2022

Президент Владимир Путин Орусиянын өзөктүк күчтөрүн өзгөчө режимдеги нөөмөткө өткөрүү буйругун берди. Ал мындай чечимин 27-февралда Орусиянын жогорку расмий жетекчилери менен жолугушуусунда жарыялады.

"Силер көргөндөй, Батыш мамлекеттери биздин өлкөгө каршы экономика тармагында достукка жатпаган аракеттерге гана баруу менен чектелген жок. Мен баары билген мыйзамсыз санкцияларды айтып жатам. Бирок НАТО өлкөлөрүндөгү жогорку кызматтагы адамдар биздин мамлекетке каршы агрессивдүү сөздөргө жол берип жатат. Мындан улам коргоо министрине жана башкы штабдын жетекчисине орус армиясынын ооздуктоочу күчтөрүн аскердик нөөмөт өтөөнүн өзгөчө режимине өткөрүүгө буйрук берем", - деди Путин.

Мындай чечим Орусиянын өзөктүк куралдары да күжүрмөн даярдыкка келтирилет дегенди билдирет. Себеби Орусиянын Коргоо министрлигиндеги түшүндүрмөгө ылайык, стратегиялык ооздуктоочу күчтөр армиянын негизги кубаты деп саналат жана ар кыл курал-жарактарды, анын ичинде ядролук куралды колдонуу менен Орусияга каршы агрессияны токтотууга жана согушта каршылашты талкалоого багытталган. Азырынча "өзгөчө режимдеги нөөмөт" эмнени билдирерин орус бийлиги тактай элек.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Линда Томас-Гринфилд орус президентинин бул буйругун "кабыл алынгыс" деп мүнөздөдү.

"Бул президент Путин бул согушту такыр кабыл алынгыс түрдө күчөтүүнү улантып жатканын туюндурат жана биз анын аракеттерин болушунча катаал чаралар менен ооздуктоону улантышыбыз зарыл", - деди Линда Томас-Гринфилд.

21:24 27.2.2022

Дүйнө: Украинаны колдогон, Орусияны айыптаган акциялар (сүрөт баян)

Орусиянын Мехикодогу элчилигинин алдындагы митинг. 26-февраль.
1/23 Орусиянын Мехикодогу элчилигинин алдындагы митинг. 26-февраль.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Каршылык акциясына чыккан жаран Орусиянын паспортун өрттөдү. Орусиянын Израилдин Тел-Авив шаарындагы элчилигинин алдындагы митинг.
2/23 Каршылык акциясына чыккан жаран Орусиянын паспортун өрттөдү. Орусиянын Израилдин Тел-Авив шаарындагы элчилигинин алдындагы митинг.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
3/23
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Берлинде митингге чыккандар Орусияны SWIFT финансылык системасынан чыгарууну талап кылышты. 25-февраль.
4/23 Берлинде митингге чыккандар Орусияны SWIFT финансылык системасынан чыгарууну талап кылышты. 25-февраль.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Германия. Франкфурт. 26-февраль
5/23 Германия. Франкфурт. 26-февраль
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Колумбиянын баш калаасы Богатада согушка каршылыгын билдирген демонстранттар. Алар колуна согушту айыптаган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. 
6/23 Колумбиянын баш калаасы Богатада согушка каршылыгын билдирген демонстранттар. Алар колуна согушту айыптаган жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан. 
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Женева шаарындагы каршылык акциясы. 26-февраль.
7/23 Женева шаарындагы каршылык акциясы. 26-февраль.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Мехико шаары. 26-февраль. 
8/23 Мехико шаары. 26-февраль. 
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Каршылык акциясы Орусиянын Мехико шаарындагы элчилигинин алдында болду. 26-февраль, Мексика.
9/23 Каршылык акциясы Орусиянын Мехико шаарындагы элчилигинин алдында болду. 26-февраль, Мексика.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Коста-Риканын борбору Сан-Хосе шаарындагы митинг. Орусиянын элчилигинин алдында чогулгандар. 26-февраль, 2022-жыл.
10/23 Коста-Риканын борбору Сан-Хосе шаарындагы митинг. Орусиянын элчилигинин алдында чогулгандар. 26-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Бразилия. Сан-Паулу шаарындагы митинг. Демонстранттар колуна "Орусия, Путинди токтот!" деген жазуусу бар плакатты көтөрүп чыгышты. 26-февраль.
11/23 Бразилия. Сан-Паулу шаарындагы митинг. Демонстранттар колуна "Орусия, Путинди токтот!" деген жазуусу бар плакатты көтөрүп чыгышты. 26-февраль.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Түштүк Корея. Орусиянын Сеулдагы элчилигинин алдындагы митинг. 27-февраль, 2022-жыл.
12/23 Түштүк Корея. Орусиянын Сеулдагы элчилигинин алдындагы митинг. 27-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Токиодогу митинг. 26-февраль, 2022-жыл.
13/23 Токиодогу митинг. 26-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Румыния. Бухарест шаарында Украинаны колдогон митинг. 26-февраль.
14/23 Румыния. Бухарест шаарында Украинаны колдогон митинг. 26-февраль.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Словения.&nbsp;Любляна шаарындагы согушка каршы митинг. 25-февраль.<br />
&nbsp;
15/23 Словения. Любляна шаарындагы согушка каршы митинг. 25-февраль.
 
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Рим. 25-февраль, 2022-жыл.
16/23 Рим. 25-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Буэнос-Айрес, Аргентина. 25-февраль, 2022-жыл.
17/23 Буэнос-Айрес, Аргентина. 25-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Будапешт. Венгриядагы согушка каршы митинг. 26-февраль.
18/23 Будапешт. Венгриядагы согушка каршы митинг. 26-февраль.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Түркияда жашаган украиналык аял. Анкарадагы нааразылык акциясы. 26-февраль, 2022-жыл.
19/23 Түркияда жашаган украиналык аял. Анкарадагы нааразылык акциясы. 26-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Босния жана Герцеговинанын борбору&nbsp;Сараево шаарындагы митинг.
20/23 Босния жана Герцеговинанын борбору Сараево шаарындагы митинг.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Мальта. 26-февраль, 2022-жыл.
21/23 Мальта. 26-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Украинадан чыга албай калган студенттердин жакындары Нью-Делидеги Орусиянын элчилигинин жанында нааразылык акциясына чыгышты. 25-февраль, 2022-жыл.
22/23 Украинадан чыга албай калган студенттердин жакындары Нью-Делидеги Орусиянын элчилигинин жанында нааразылык акциясына чыгышты. 25-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Лондондогу согушка каршы акция. 26-февраль, 2022-жыл.
23/23 Лондондогу согушка каршы акция. 26-февраль, 2022-жыл.
Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде миңдеген киши Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган жөө жүрүш, акцияларга чыгышты.
Артка
Алдыга

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG