Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:46
Херсон. Соккуга кабылган автобус.
Херсон. Соккуга кабылган автобус.

Херсондо Орусиянын соккусунан эки жайкын тургун каза тапты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:05 3.3.2022

Украинада миллиондой адам качкын болду

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму билдирди.

Украинадан негизинен Польшага чыгып кетишүүдө. Бул өлкөгө баш-аягы 400 миң адам, жүз миңдей качкын Венгрияга, он миңдегени Словакия, Чехия, Румынияга жана Молдовага барган.

БУУнун качкындар боюнча кеңсесинин башчысы Филиппо Гранди согуш болуп аткан өлкөдөгү элге гумжардам жеткирүү үчүн тынчтык келишимине жетишүүгө чакырды.

12:04 3.3.2022

Орусиялык "АвтоВАЗ" компаниясы электрондук компоненттердин жетишсиздигинен автомобиль чогултууну токтотту. Компания иш төрт күнгө токтогонун кабарлады.

15:47 3.3.2022

В Черниговдогу мунай базасына эртең менен снаряд тийди

Снаряд таңкы саат 8:10до Черниговдун Чудинов​ көчөсүндөгү "Комбинат Астра"​ мамлекеттик өндүрүшүнүн аймагына түшкөнүн Украинанын өзгөчө кырдаалдар кызматы кабарлады.

15:52 3.3.2022

Рублдин куну кете баштады. Москва биржасында доллардын баасы 116,6 рублге чыкты. Евронун курсу 124,75 рублге көтөрлдү.

Кырдаалга байланыштуу Орусиянын башкы банкири Эльвира Набиуллина Борбордук банктын кызматкерлерине кайрылуу жасады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG