Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:34
Крым. 2026-жылдын 23-июну.
Крым. 2026-жылдын 23-июну.

Түз ободо Крымда дрон соккулары уланды, Севастополдо электр жарыгы өчтү

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




18:06 20.3.2022

Украина: Киевдеги метро коргонуу жайына айланды (сүрөт баян)

Орусиянын Латвиядагы элчилигинин алдындагы Украинаны колдогон митингдин катышуучулары көтөргөн сүрөт.  Орус президенти Владимир Путиндин элеси. Рига, 17-март, 2022-жыл. 
1/12 Орусиянын Латвиядагы элчилигинин алдындагы Украинаны колдогон митингдин катышуучулары көтөргөн сүрөт.  Орус президенти Владимир Путиндин элеси. Рига, 17-март, 2022-жыл. 
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Орусия. Ленинград облусу. Ладога көлүнүн жээгинен түндүк жаркырагын карап турган аял. 
2/12 Орусия. Ленинград облусу. Ладога көлүнүн жээгинен түндүк жаркырагын карап турган аял. 
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Украина, Киев. Орусиянын чабуулунда жарандардын бомбадан коргонуучу жайына айланган метро станция.  
3/12 Украина, Киев. Орусиянын чабуулунда жарандардын бомбадан коргонуучу жайына айланган метро станция.  
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Пакистандык колукту. Үлпөт тоюнун алдында анын колдору зер буюмдарга толуп, хна менен боелгон. Исламабад. 16-март, 2022-жыл.
4/12 Пакистандык колукту. Үлпөт тоюнун алдында анын колдору зер буюмдарга толуп, хна менен боелгон. Исламабад. 16-март, 2022-жыл.
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Чымын-чиркейди тосчу тор саткан адам. Пакистан, Пешавар. 
5/12 Чымын-чиркейди тосчу тор саткан адам. Пакистан, Пешавар. 
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Ооганстан, Кандагар. Апийим талаасында иштеген киши. 
6/12 Ооганстан, Кандагар. Апийим талаасында иштеген киши. 
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Оштун самсасы. Кыргызстан. 
7/12 Оштун самсасы. Кыргызстан. 
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Киев кезектеги аткылоодон кийин. 15-март, 2022-жыл.
8/12 Киев кезектеги аткылоодон кийин. 15-март, 2022-жыл.
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Британия, Лондон. Орусиялык олигарх Олег Дерипаскага таандык делген имаратты басып алгандар. Алар украин желегин жана Москванын аракеттерин сындаган жазууларды илип коюшкан.  14-март, 2022-жыл. 
9/12 Британия, Лондон. Орусиялык олигарх Олег Дерипаскага таандык делген имаратты басып алгандар. Алар украин желегин жана Москванын аракеттерин сындаган жазууларды илип коюшкан.  14-март, 2022-жыл. 
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Ооганстан, Кандагар провинциясы. Апийим талаасы.
10/12 Ооганстан, Кандагар провинциясы. Апийим талаасы.
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Эки жашар Оливия. Майя деп аталган келемишин кармап турат. Орусиянын басып кирүүсүнөн кийин наристе жакындары менен Киевден качып чыгууга мажбур болгон. Азыр Польшадагы качкындар жайында. 
11/12 Эки жашар Оливия. Майя деп аталган келемишин кармап турат. Орусиянын басып кирүүсүнөн кийин наристе жакындары менен Киевден качып чыгууга мажбур болгон. Азыр Польшадагы качкындар жайында. 
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Киев. Орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан кийин курман болгон аялдын сөөгүн чыгарып жаткандар. 15-март, 2022-жыл. 
12/12 Киев. Орусиялык күчтөрдүн аткылоосунан кийин курман болгон аялдын сөөгүн чыгарып жаткандар. 15-март, 2022-жыл. 
Бул аптада дүйнөнүн булуң-бурчунан тартылган таасирдүү сүрөттөрдүн топтому.
Артка
Алдыга

21:24 20.3.2022

Украинадагы согуштук аракеттер башталгандан бери өлкө калкынын төрттөн бири, жалпы 10 миллиондой адам үйлөрүн таштап чыгып кетүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын жетекчиси Филиппо Гранди “Твиттердеги” баракчасына жазды.

Бул санга өлкөнүн ичинде жер которгондор жана өлкөнүн сыртына чыгып кеткендер кошо кирет. Мекеменин маалыматына ылайык, 20-мартка чейин 3,4 миллиондой украин жараны, көбүнчө аялдар жана балдар башка мамлекеттерге качып чыгышты. 18 жаштан 60 жашка чейинки аскерге жарактуу курактагы эркектерге өлкөдөн чыгууга чектөө коюлган.

Украиналык качкындарды негизинен Польша, Румыния, Словакия, Венгрия, Молдова жана башка мамлекеттер кабыл алууда. Европа Биримдиги украиналыктарга уюмга мүчө 27 мамлекеттин аймагында үч жылга чейин жүрүү укугун берди.

11:02 21.3.2022

Украин бийлиги Орусиянын Мариупол шаарын багынтып берүү талабынан баш тартты. Шаар бир нече күндөн бери бомба чабуулуна алынып, катуу бүлүндү. Орус аскерлери шаарды камалоого алып турат.

Орусия дүйшөмбү күнү таңкы бешке чейин жооп берүүнү талап кылып, шарт койгон. Ал шарт боюнча алды менен украин аскер бөлүктөрү шаардан чыгып кетиши керек. Андан кийин гана жай тургундар чыгуусуна уруксат берет.

Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук "Украинская правда" басылмасына курган маегинде: "Эч кандай багынып берүү, курал таштоо тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Биз бул тууралуу орус тарапка маалымдаганбыз. "Силер 8 барак катка убакытты текке кетиргендин ордуна – коридор эле ачып бергиле" деп жаздым. Биз эл аралык уюмдарга кайрылдык. Азыр биз эл аралык коомчулуктун реакциясын күтүп жатабыз. Бул атайын манипуляция жана адамдарды барымтага алуу”,-деп айтты.

12:30 21.3.2022

Украинада согуш башталгандан бери өлкөдөн 3,5 миллионго чукул адам чет өлкөлөргө чыгып кетүүгө мажбур болгонун Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, эң көбү Польшага (2 миллион адам), Румынияга (527 миң), Молдовага (362 миң), мындан тышкары Венгрияга, Словакияга, Орусияга, Беларуска жана башка өлкөлөргө чыгып кетишти.

Быйылкы жылдын башындагы эсепте Украина элинин саны (2014-жылы Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралын кошпогондо) 41 миллион болчу.

24-февралда Орусия Украинага кол салып, согуш уланууда. Эки тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрү азырынча оң натыйжа бере элек. Кремль муну кол салуу эмес, "атайын операция" деп атоодо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG