Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:52 23.3.2022

Польшадан орусиялык ондогон дипломаттар чыгарылышы мүмкүн

Польшанын контрчалгындоо кызматы орусиялык 45 депутаттын тизмесин түзүп, аларды өлкөдөн чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу атайын кызматка көз салган министрдин басма сөз катчысы билдирди. 

Орусиялык элчи Польшанын ТИМине чакыртылды, анда ага дипломаттарды чыгаруу талабы берилиши мүмкүн. Эгер бул ишке ашса, эки өлкөнүн тарыхындагы урунттуу окуя болуп калмакчы. 

Бир күн мурда Варшавадагы орус элчилигинин үстүнөн түтүн чыгып атканы тартылган сүрөт жана видеолор тарап кеткен. 

 

16:12 23.3.2022

Киевде Святошенски жана Шевченков районундагы жеке сектор менен соода борбору аткылоого кабылды. Бул тууралуу шаардык администрациянын жетекчисинин биринчи орун басары Николай Поворозник билдирди. Анын айтымында кеминде төрт адам жабыркаган. 

Элдик депутат Галина Третьякова​ Бровары шаарына жакын аймакта атышуу болгонун билдирди. Ал орус аскерлери эт сактаган "Вел Мит Инвест"​ жана жашылча сактаган "Вери Тренд Инвест" кампасын атканын айтты. 

Алдын ала маалыматта Броварыда бир нече тонна азык-түлүк күйүп кеткен, чыгым 600 млн. гривенди түздү. 

16:30 23.3.2022

Киевдин орус аскерлеринин аткылоосунан кийинки абалы. "Азаттыктын" украин кызматынын видеосу

 

17:25 23.3.2022

Орусияда туткундарды алмашуу болгонун кабарлады 

Бирок Украина бул маалыматты четке какты. Москва ага чейин туткундагы эки адам алмашылганын билдирген. 

Украинанын вице-премьери Ирины Верещук "Менде андай маалымат жок. Орусия башка реалдуулукта жашап атат, эч кандай алмашуу болгон жок" деп билдирди. 

Ага чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн расмий өкүлү Мария Захаровага таянып "Орусия менен Украина туткундарды алмашты" деп кабарлаган. 

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG