Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14
Украина. Куткаруучулар 2026-жылдын 25-июнунда Орусиянын соккусунан кийин Запорожьедеги май куюучу жайда чыккан өрттү өчүрүп жатышат.
Украина. Куткаруучулар 2026-жылдын 25-июнунда Орусиянын соккусунан кийин Запорожьедеги май куюучу жайда чыккан өрттү өчүрүп жатышат.

Түз ободо Сумы жана Запрожьедеги май куйган жайларга сокку урулду

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:39 24.3.2022

Украинанын коргоо министри Алексей Резников согуштун бул бөлүгү тарыхта күжүрмөндүк катары калары айтылды.

"Биздин аскерлер 100дөй орусиялык кемени жана 125 тик учакты, 520 танкты, 1500 брондолгон машинени талкалады. Душман оор жоготууга учурады. Өлгөн, жарадар болгон, колго түшкөн жана дайынсыз жоголгондорду кошкондо 40 миңдей аскерин жоготту", - деп жазды Резников Фейсбукка.

Орусиялык расмий булактар бир айдан бери эч кандай маалымат бере элек.

14:51 24.3.2022

Украинада согуш башталган бир айдан бери Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана элчиликтин көмөгү менен жалпысынын 718 кыргызстандык коопсуз аймакка чыгарылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" курган маегинде билдирди.

Кадыркулов билдиргендей, учурда 68 кыргызстандык жаран Украина аймагында кала берүүдө.

15:24 24.3.2022

Орусиянын Коргоо министрлиги Харьков облусундагы Изюм шаарын алганын жарыялады. Бирок облус башчысы бул маалыматты төгүндөп, кармаш уланып жатканын билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков​ таңкы брифингде орус армиясы Изюмду толук басып алганын билдирди. Бирок Харьков облусунун администрация башчысы Олег Синегубов​ маалыматты четке кагып, Изюм районунда таңдан бери атышуу болуп жатканын айтты.

Харьков облусундагы темир жолдун жанында бир нече жумадан бери айыгышкан кармаш жүрүп жатат. 50 миңдей адам жашаган бул калктуу шаар өлкөдөгү темир жолдун негизги түйүнү болуп эсептелет.

15:49 24.3.2022

Өткөн суткада Харьковго орусиялык "Град" жана "Ураган" жабдуусунан атылган 140 ракета келип түштү.

Харьков облусунун башчысы Олег Синегубов шаардын борборуна Орусиянын Кара деңиз флотундагы кемеден атылган "Калибр" ракетасы келип түшкөнүн билдирди. Синегубов орус армиясы шаарды 44 жолу миномет жана артеллериядан атканын кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG