Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.
Кирилл Дмитриев жана Стив Уиткофф. Архив сүрөт.

АКШ–Орусия сүйлөшүүлөрү өттү

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




12:51 2.4.2022

Украинанын Башкы штабы орусиялык аскерлер Чернигов облусунда кол жууган аскер техникаларынын сүрөттөрүн чыгарды

Башкы штабдын маалыматында чопкутталган 50 техника жана машинелер жок кылынган. 

 

 

12:58 2.4.2022

Липецк заводунун жана Орус православ чиркөөсүнүн материалдары Anonymous тобунун хакерлерин колуна өттү

Украинаны колдогон хакерлер алардын колунда орусиялык аскер техникасын ремонттогон Липецк​ механикалык заводунун жана Орус православ чиркөөсүнүн кайрымдуулук фондунун документтери бар экенин жарыялашты. Заводдун жетекчилигинин каттары ачыкка чыгарылды. Чиркөөнүн матералдары журналисттерге жана иликтөөчүлөргө берилет. 

 

13:02 2.4.2022

Украинанын Башкы штабы орусиялык аскерлер Приднестровьеде баш көтөрүп жатканын кабарлады

"Орусиялык аскер күчтөрү өздөрүн "Молдованын Приднестровье республикасы" атап алган аймагында Украинага жаңы чабуул жасоого даярдануу үчүн чогулганы байкалды", - деп айтылат сводкада. 

 

14:11 2.4.2022

Өткөн түнү Днепропетровск, Полтава, Харьков облустары ракеталык соккуга кабылды, Донецк, Луганск жана Херсондо атышуу токтогон жок

Бул тууралуу Украинадагы аймактардын башчылары билдиришти. 

Украинанын куралдуу күчтөрү Киев облусундагы Бучан, Вышгород, Бровары райондорундагы калктуу конуштарды тазалоону улантууда. Орусиялык аскер күчтөрү чегинип жатат. 

Харьков облусунда түндө калк жашаган райондордо башаламан атышуу болду. Ал жактан 1500дөй адам эвакуацияланды.  

Орус аскерлери басып алган Чернигов облусунун бир нече айылы бошотулду. Чернигов облустук аскер администрациясы бул айылдарга гуманитардык жардам жеткирди. 

Днепропетровск облусуна – 10 жолу ракета соккусу урулду, төрт ракета атып түшүрүлдү. Эки адам жарадар. 

Мариупол шаары курчоодо.

"Өлкөнүн чыгышында кырдаал оор бойдон калууда. Орусиялык аскерлер Донбассты карай сүрүлдү. Алар жаңы сокууларга даярданууда. Биз коргонууга даярданып жатабыз", - деди ишембиге караган түнү Украинанын президенти Владимир Зеленский.

 

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG