Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Орусиянын бир катар аймактарында өрт чыкты

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




11:20 8.4.2022

Одессада аба коркунучу жарыяланды. Аймактык журналисттер шаардагы жарылуулар тууралуу билдирди. Бул абадан коргонуу күчтөрүнүн иши экени кабарланууда.

11:24 8.4.2022

Сумы облусу орусиялык аскерлерден бошотулганы кабарланды

Украинанын Сумы облусу (өлкөнүн түндүк-чыгышы) орусиялык аскерлерден бошотулганын аймактын башчысы Дмитрий Живицкий​ билдирди.

Ал шаардын аймагында мина коюлган жерлер көп экенин, жол жээктерин жана бир аяк жолдордон абайлоо керектигин, жок кылынган аскер техникасына жакын барбоону эскертти.

11:34 8.4.2022

Латвиянын Сейми 2022-жылдын 9-майын Орусиянын агрессиялык согушунда каза тапкан украиналыктарды эскерүү күнү деп жарыялоону жактырды.

Сунушту 61 депутат колдоду, 18и каршы болду.

13:22 8.4.2022

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 8-апрелде Киевге барып, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Еврошаркеттин эки жогорку жетекчиси Польшанын украин чек арасынан 13 чакырым алыстыктагы Пшемысль шаарчасынан Киевге поезд менен жолго чыгышты. Согуштан улам Украинанын аба мейкиндиги жабылганы белгилүү.

Март айынын ортосунда Польшанын, Словениянын жана Чехиянын премьер-министрлери да Киевге поезд менен барып келген. Өткөн аптада Европа парламентинин президенти Роберта Метсола да украин баш калаасына барып кеткен.

Европалык жетекчилер Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан каза тапканы тууралуу маалыматтар ачыкка чыккандан кийин биринчи жолу Киевге сапар алууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG