Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:49

Орусия менен Украина үч күнгө ок атышпайт

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

Андан бир апта мурда, 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




14:39 29.4.2022

Украина жума күнү Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун жертөлөсүндөгү жай тургундарды эвакуация кылууга үмүттөнөт.

АКШ Конгрессинин өкүлдөрү Украина үчүн ленд-лиз тууралуу мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Анда Украинага Кошмо Штаттардан курал жеткирүүнү жеңилдетүү каралган.

ЖМКнын маалыматында, америкалык аскерлер Донбасстагы орусиялык күч түзүмдөрүнүн кыймылын "жай жана чачыранды" деп мүнөздөштү. Буга украиналык күчтөрдүн каршылыгы жана логистикалык көйгөйлөр себеп болгон.

16:55 29.4.2022

Киевге 28-апрелде урулган орус армиясынын соккусунан "Азаттыктын" украин кызматынын журналисти Вера Гирич набыт болду. Калаа бийлиги билдиргендей, ракеталардын бири карапайым тургундар жашаган 25 кабаттуу үйгө тийген. Алгач алты адам жарадар болгону тууралуу маалымат түшкөн. Гиричтин сөөгүн куткаруучулар 29-апрелдин таңында урандылардын алдынан табышты.

1967-жылы туулган Вера Гирич "Радио Свободада" 2018-жылдан бери иштеп келген. Ага чейин алдыңкы украин телеканалдарында эмгектенген. "Азаттык" радиосу украин кесиптештердин кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтат.

Украинанын Журналисттер улуттук биримдигинин маалыматына караганда, согуш башталганы 20дай жергиликтүү жана чет элдик журналисттин өмүрү кыйылды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 28-апрелде украин баш калаасына сокку урганын ырастап, "Артем" ракеталык комплексинин ишканаларын жок кылганын билдирди. Завод канчалык жабыркаганын украин тарап комментарийлей элек.

Сокку жасалган маалда Киевде БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш да жүргөн. Ракетанын бири баш катчы жайгашкан мейманкананын жанына тийген.

11:36 30.4.2022

Ирландиянын тышкы иштер министри Саймон Ковни бул өлкөдө эсеби жабылган 1 миллиардга жакын орусиялык активдер согуштан кийин Украинага жардам катары берилерин билдирди.

Ирландияда орусиялык активдердин 1,2 млрд. евродой активи жабылган. Өлкөнүн оппозциясы бул сумманын жартысын украиналык качкындарга кайтарымсыз жардам көрсөтүп жаткан ирландиялык фирмаларга берүүнү сунуштады.

11:40 30.4.2022

Чехия газдын акысын рубль менен төлөөдөн баш тартты

"Чехия орусиялык шантажга баш бербейт. Буга көнүү катачылык деп эсептейм. Эгер биз Орусияга күчтү жана так позицияны көрсөтпөсөк, биз бул кымбатка түшөт", - деди премьер-министр Петр Фиала

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG