Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:47
Украина.
Украина.

Украина: Бир нече аймак дрон чабуулуна кабылды, үч өлүм катталды

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




20:58 9.7.2022

Орусиянын башкы муфтийи Талгат Тажуддин бүгүн 9-июлда Уфа шаарында Курман айтка карата сүйлөгөн сөзүндө Украинага каршы согушту ачык колдоп чыкты. Ал согушту аягына чыгаруу керектигин айтып, коңшу өлкөнүн тургундарын улутчулдар жана неонацисттер деп атады. Донбасста Украина геноцид жүргүзүп жатканын айтып, бул үчүн Кошмо Штаттарды күнөөлөдү, Батышты ич күйдүлүккө айыптады.

Тажуддин Орусияда бул өлкөнүн баскынчылыгын ачык колдогон жалгыз диний ишмер. Ал быйыл март айында дүйнө мусулмандары согушка каршы экенин, бирок Украинадагы аракеттер аргасыздык болуп жатканын айткан.

13:48 11.7.2022

Орусиянын күчтөрү ракетадан аткылашкан Украинанын чыгышындагы Часов Яр шаарындагы көп кабаттуу үйдүн урандыларынын алдынан куткаруучулар 18 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү кабарлагандай, дагы бир нече адам урандылардын алдында калышы мүмкүн. 10-июлдун кечинде куткаруучулар бир адамды алып чыгышты. Муну менен талкаланган үйдүн урандыларынын алдында алты киши аман-эсен табылды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Часов Ярга чабуул Орусиянын аскердик кылмыштары боюнча маселени кайрадан күн тартипке чыгарарын билдирди.

Часов Яр- орус армиясы бутага алган Краматорск шаарынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан. Донецк облусуна карайт. Согуш башталганга чейин калаада 12 миңдей киши жашачу.

Соңку күндөрү Украинанын экинчи чоң шаары – Харьковго бир нече ракета атылганы кабарланды. Украин Куралдуу күчтөрүнүн жетекчилиги мындан башка да чыгыш жана түштүктөгү калктуу конуштарга чабуулдар болуп жатканын билдирүүдө.

Өлкөнүн вице-премьер-министри Ирина Верещук Херсон облусунун жайкын тургундарын коопсуз жерлерге көчө турууга чакырды.

13:56 11.7.2022

Украиналык күчтөр Часов Ярга "Искандер" ракетасынан төрт жолу сокку урулганын, анын экөө беш кабаттуу үйгө тийгенин айтышууда. Орусия сокку тууралуу комментарий бере элек.

14:13 11.7.2022

Орусиянын күчтөрү Харьковго сокку урууда реактивдүү системаны колдонгон болушу ыктымалдыгын облус губернатору Олег Синегубов билдирди. Ал жергиликтүү тургундарды көчөгө чыкпоого чакырды. Телеграм-каналдарда чабуулдан кийин коюу түтүн тартылган видеолор жарыяланып жатат. Курмандыктар жана жаракат алгандар тууралуу маалымат айтылган жок. Буга чейин жергиликтүү бийлик 11-июлга караган түнү Харьковго бир нече жолу ракеталык чабуул болгонун билдиришкен. Ракеталардын бири Основянский районундагы көп кабаттуу үйдү талкалаган. Экинчиси ушул эле райондогу кампага, үчүнчүсү Слободский районундагы мектептин имаратына тийгени кабарланган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG