Германия "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизе албай турганын билдирди
Германиянын бийлиги "Түндүк агым-2" газ куурун ишке киргизүү учурда таптакыр мүмкүн эмес экенин маалымдады. Бул жөнүндө өлкөнүн вице-канцлери Роберт Хабек ZDF телеканалынын эфиринде айтты.
Ал долбоорду ачып жиберүү согуштагы “ак желекти көтөрүп, жеңилип берүү” менен барабар экенин билдирди. Хабектин сөзүнө караганда, Европа Орусиянын газына көз карандылыкты дагы күчөткүсү келбейт.
Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда Батыш өлкөлөрүнөн, көбүнчө АКШдан заманбап куралдарды алуу процесси дале уланып жатканын маалымдады. Ал ушул убакка чейин украин аскерлери алган курал-жарак Орусиянын күчтөрүнө олуттуу сокку урууга жетиштүү болгонун, мындан ары согуш талаасындабаланс өзгөрөрүн билдирди.
Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын, Башкы чалгын кызматынын жетекчисинин, Сырткы чалгын кызматынын башчыларынын, коргоо министринин, ички иштер министринин катышуучулары менен жыйын куруп, контрчабуулга даярдыктар талкууланганын кошумчалады.
Согушту изилдөө институту (ISW): Орусиялык аскерлер согушка чейин топтолгон таамай тийчү ракетанын 50-60% колдонуп бүттү
- Орусиялык аскерлер Украинага 7-16-июлдагы тыныгуу учурундай эле чабуул коюп жатат. Славянски шаарынын түштүк-батышында, Северск жана Бахмут райондорунун айланасында чечкиндүү позициясы жок чабуулдарга өтүп жатат. Славянскинин түндүк-чыгышында орусиялык аскерлердин жерден чабуулу расмий жарыяланган тыныгууга караганда аз болгон.
- Харьковдун түндүгүндө орусиялык аскерлердин жердеги чабуулу ийгиликсиз болду. Маалыматта алар жаңы жабдыктарын украиналыктардын чабуулунан коргоп, Запорожьедеги АЭСте катып отурганы айтылат.
- Мурманск облусунда Украинадагы согушка жөнөтүү үчүн жаңы ыктыярдуу батальон түптөлдү. Орусиялык күчтөр киши жетпегендиктен батальондук гибрид топторун (БТГ) ар кайсы аскер бөлүктөрүнөн чогултуп жатканы маалым болду.
- Украинанын башкы чалгын башкармалыгы (ГУР) орусиялык аскерлер согушка чейин топтогон таамай тийчү ракетасынын 55-60% колдонуп бүттү. Орусиялык аскерлер Х-101, Х-555, "Искандер" жана "Калибр" системасын согуш жаңы башталган кезге караганда аз колдоно баштады. Буга таамай тийчү системага керектүү тетиктер санкциядан улам келбей калганы себеп болушу мүмкүн. Ошол эле маалда Украина Батыш өлкөлөрүнөн РСЗО HIMARS баштаган таамай атчу системаларды алып, урушка колдонууда.
Москванын Басманный райондук соту украиналык журналист Дмитрий Гордонду сыртынан камакка алуу чечимин чыгарды. Мурдараак Орусиянын Ички иштер министрлиги ага федералдык издөө жарыялаган.
Орусиянын Тергөө комитети мартта Гордонго каршы үч берене менен кылмыш ишин козгогон. Ага "согушту тутантууга чакырык жасаган", "улуттук белгилерине карата кастыкты козуткан" жана "орус армиясы тууралуу фейк маалыматтарды тараткан" деген айыптар тагылган.
Тергөөчүлөрдүн айтымында, Гордон Орусиянын карапайым адамдарды бомбалоосу жана артиллериялык аткылоосу тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан. Апрелде Гордон Росфинмониторинг мекемесинин “террорчу жана экстремисттердин” реестрине киргизилди.
“Мен үчүн Орусияда кылмыш ишинин козголушу чоң сыймык жана чоң урмат-сый. Демек, мен өзүмдүн жарандык жана адамдык милдетимди туура аткарып жатам”, - деп билдирди Дмитрий Гордон.
Ал - украиналык журналист, “Дмитрий Гордондо конокто” деп аталган программанын алып баруучусу, “Гордон” эл аралык интернет басылмасынын башкы редактору. Саясат, маданият жана спорттун өкүлдөрү менен болгон көптөгөн маектердин автору.