Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:19
Украина Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты.
Украина Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келатканына төрт жылдан ашты.

Украина Орусия үч жүздөй дрон менен чабуул койгонун билдирди

Украинада согуш башталганына дээрлик төрт жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




13:33 31.7.2022

Бириккен Улуттар Уюму Донецк облусунун оккупацияланган Еленовка конушундагы туткундагы украин аскерлеринин өлүмүн иликтөөгө даяр экенин 29-июлда билдирди. БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хактын айтымында, эки тарап макул болсо, уюм Еленовкага эксперттерди жөнөтүүгө даяр.

Эл аралык Кызыл чырым уюму 29-июлда окуя болгон жерге кирүүгө аракет кылып жатканын жана жарадарларды эвакуациялоого жардам берүүнү сунуштаганын кабарлады.

Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДНР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмү ракеталык соккудан Еленовка конушундагы абакта туткунда жаткан 40 украин аскери мерт болгонун маалымдаган. Соңку кабарларда 53 туткун өлгөнү, 130 жаракат алганы кабарланды. Жикчилдер сокку үчүн украин күчтөрүн айыптаган. Орус командачылыгы жана Донецкидеги орусиячыл жикчилдер колонияга соккуну украин армиясы америкалык HIMARS системасын колдонуу менен жасаганын айтышууда.

Украинанын бийлиги Еленовкага ракеталык же артиллериялык сокку урулганын четке кагып, Донецк облусунун оккупацияланган аймагындагы Еленовка конушундагы украин аскерлери туткундалып жаткан абакка Орусиянын куралдуу күчтөрү сокку урганын маалымдаган.

13:50 1.8.2022

Түркия: Одесса портунан дан жүктөлгөн алгачкы кемелер жөнөп кетти

"Буга чейин келишкендей, Сьерра-Леоне өлкөсүнүн желеги астындагы жүгөрү жүктөлгөн Razoni кемеси жеригиликтүү убакыт менен саат 8:30да Одесса портунан чыгып Ливанга жөнөп кетет, - деп 31-июлда Түркиянын Коргоо министрлиги Стамбулдагы Биргелешкен координациялык борборго шилтеме берип жазды.

Дан ташыган алгачкы кемелер 16 аскердик кеменин коштоосунда Одессадан чыгып жатышат. Аларды дрондор жана спутник аркылуу көзөмөлдөп турушат жана Стамбулга жеткенде кемелер текшерилет.

14:03 1.8.2022

Путин деңиз доктринасына НАТО менен АКШны башкы коркунуч катары киргизди

Орус президенти Владимир Путин Орусиянын жаңы аскердик деңиз доктринасын бекитүү тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык жекшемби, 31-июлдан тартып күчүнө кирди.

Путин Санкт-Петебург жана Кронштадт шаарларындагы аскердик-деңиз күчтөрүнүн параддарынын маанисин чечмелөө менен доктринада “Орусиянын улуттук кызыкчылыктарынын зонасы жана чек арасы” аныкталганын түшүндүрдү. Орус президенти ага арктикалык акваторияны, Кара деңизди, Охот, Беринг деңиздерин, Балтика жана Түштүк-Курил кысыктарын кошту.

12:33 2.8.2022

Украинада 1,2 млн. тонна жүк менен 68 кеме жөнөгөнү турат

"Чоң Одесса портунда дагы 16 кеме кезек күтүп турат. Алар Орусия Украинага басып киргенде чыга албай, камоолдо калгандар. Буга катар эле биз дан эгиндерин ташып кетчү башка кемелердин келиши боюнча буйрутмаларды кабыл алып жатабыз, - деди Украинанын деңиз порттору администрациясынын башчысы Алексей Востриков.

Пивденный, Одесса жана Черноморск портторунун акваториясында жалпы 480 миң тонна дан жана өсүмдүк майы бар. Порттогу терминалдарда жана кампаларда жарым миллион тоннага жакын эгин сакталып турат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG