Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:17
Орусиянын жапырт чабуулуна бул жолу Одесса аймагы да кабылды. 2026-жылдын 29-августу.
Орусиянын жапырт чабуулуна бул жолу Одесса аймагы да кабылды. 2026-жылдын 29-августу.

Киевде Орусиянын чабуулунан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Украинада согуш башталганына төрт жылдан ашты.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан негизсиз бастырып кирген.

Ошол эле жылдын 30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан. Ага чейин 23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.




15:25 21.9.2022

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Өлкө президенти Владимир Путин тийиштүү жарлыкка кол койгонун 21-сентябрда орусиялыктарга жолдогон кайрылуусунда билдирди.

"Мекенибизди коргоо жана бүтүндүк үчүн жарым-жартылай мобилизацияны колдоо керек деп эсептейм", — деди Владимир Путин.

Мобилизациялык иш-чаралар 21-сентябрда башталары, аскерге запастагылар жана аскердик кызматтан өткөндөр чакырылары, алар кошумча даярдыктан өткөрүлөрү айтылды.

20-сентябрда Мамлекеттик Дума өлкөнүн Кылмыш-жаза кодексин “мобилизация”, “аскердик абал”, “аскердик мезгил” деген түшүнүктөр менен толуктап, дезертирлердин жазасын катуулата турган, туткунга өз ыктыяры менен өтүп кеткендерге, талап-тоноочулукка баргандарга жана коргонуу тармагындагы мамлекеттик буйрукту аткаруудан баш тарткандарга жаза мөөнөттөрүн аныктаган.

15:42 21.9.2022

Орусия Украинага кол салган жети айдан бери экинчи жолу жоготуулары тууралуу расмий жарыялады. Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу 21-сентябрда Украинада 5937 орус аскери каза болгонун билдирип, “Украина менен эле эмес, эми жалпы Батыш менен согушуп жатабыз” деп айтты.

Согуш башталган 24-февралдан бери орус бийлиги жоготуулары тууралуу март айында гана бир жолу маалымат берип, 1351 аскери каза болгонун жарыялаган.

Украина жалпысынан 55 миңден ашуун орусиялык аскер набыт болгонун айтууда.

16:03 21.9.2022

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Москва биржасынын индекси 2100 пункттан ылдый төмөндөдү. Биржа 24-февралдан бери алгачкы жолу ушундай деңгээлде соода жүргүзүүдө. РТС индекси 15-августтан бери биринчи жолу 1100 пункттан ылдыйлады.

Доллар менен евронун рублге карата курсу жогорулоодо.

Москва биржасында "Газпромдун", "Яндекстин", "Сургутнефтегаздын", "НОВАТЭКтин" акциялары негативдүү динамика көрсөтө баштаганын адистер белгилөөдө.

17:37 21.9.2022

Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Москва биржасынын индекси 2100 пункттан ылдый төмөндөдү. Биржа 24-февралдан бери алгачкы жолу ушундай деңгээлде соода жүргүзүүдө. РТС индекси 15-августтан бери биринчи жолу 1100 пункттан ылдыйлады.

Доллар менен евронун рублге карата курсу жогорулоодо.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG