Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Түркия Украинадан жарандарын чыгара баштады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Украинадан жарандары чыгарылары тууралуу 25-февралда "Твиттерде" жазды.

Анда башкы дипломат, 270 түркиялык Одессадан Болгарияга автобус менен чыгарылганын, бирок дагы 16 миң түрк жараны Украинанын башка шаарларында жардам күтүп жатканын билдирди.

Чавушоглу учак каттамдары токтогондуктан дагы жети өлкөнүн жарандарын Болгария жана Венгрия аркылуу чыгарып кетүү планы иштелип жатканын кошумчалады.

Ал эми Украинада иштеген эмгек мигранттарынын сап башында түрк жарандары турат. Алар негизинен курулушчулар. Муну менен катар бул өлкөдө билим алган түрк студенттердин жоон катмары бар. Расмий маалыматтар боюнча, учурда Украинада 20 миң түркиялык жашайт.

Украинадагы согуштун үчүнчү күнүндө расмий маалыматка ылайык, украин баш калаасы Киевден 30 чакырым алыс Васильков аймагында орус десанттары конууга аракет кылууда. Украинанын куралдуу күчтөрү ага каршылык көрсөтүп жатат.

Президент Владимир Зеленский түн жарымын утурлай жарыялаган видео кайрылууда орус күчтөрү чабуул койгону жатканын, Киевди колдон чыгарбаш керектигин, түн оор өтөрүн эскерткен.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскерин жок кылганын маалымдады. Москва муну ырастай элек. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG