Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:10

Жалал-Абадда көчкүдө калгандардын бирөөнүн сөөгү табылды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Түндүк-түштүк альтернативдүү автожолунун (Балыкчы - Казарман - Жалал-Абад) 340-чакырымында туннелдин Тогуз-Торо тарабында көчкү басып калган Адилет Көккөзовдун сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

24 жаштагы маркумду туугандары менен куткаруу кызматы 14-февралдан бери издеп жатышкан. Куткаруучулар аны өзү айдап жүргөн жүктөгүч техникасынын ичинен табышкан.

Бул тилкеде жол салып жаткан "Чайна Роуд" ишканасынын дагы үч жумушчусу кар көчкү алдында калып табыла элек.

ӨКМ 14-февралда Жалал-Абадда эки жолу кар көчүп, төрт кишинин дайыны чыкпай жатканын билдирген. (TB)

Жалал-Абад: кар алдында калгандар табыла элек
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:16 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG