Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Кремл украин бийлиги сүйлөшүүдөн баш тартканын билдирди


Орусиянын президенти Владимир Путин.
Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын бийлиги жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүдөн баш тартканын билдирди. Бул тууралуу Орусиялык “Эхо Москвы” басылмасына таянуу менен “Азаттыктын” орус кызматы жазды.

Песков сүйлөшүү болбогондуктан Москва Украинанын аймагында аскердик операциясын улантып жатканын маалымдады.

Расмий Киев Кремлдин бул билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 25-февралдагы видеокайрылуусунда Орусиянын өз өлкөсүнө басып киришин “Европага карата согуш” деп атап, Владимир Путин менен сүйлөшүү баштоону сунуштаган. Путин диалогду Беларустун борбору Минск шаарында уюштурууну демилгелеген. Киев болсо сүйлөшүүнү Венгрияда же Израилде өткөрүүнү талап кылган.

26-февралда Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоров журналисттерге Орусия менен ыктымал сүйлөшүүлөр деле кеңешилип жатканын билдирди. Айрым маалыматтар боюнча украин тарапты орус бийлиги койгон талаптар канааттандырган эмес.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө бала экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG