Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:25

Орусияда согушка каршы акцияларда 500дөй киши кармалды


Москвада акциянын катышуучусун полиция кармап баратат.
Москвада акциянын катышуучусун полиция кармап баратат.

Орусиянын көптөгөн шаарларында үчүнчү күн катары менен Москванын Украинага жасаган чабуулуна каршы акциялар өттү. 26-февралда эле 34 шаарда жалпысынан 500дөй демонстрантты полиция кармап кетти.

Митингдерге байкоо жүргүзүп келген "ОВД-Инфо" уюму билдиргендей, жалпысынан үч күндө үч миңдей киши кармалды.

Орусиянын агрессиясына каршы акциялар бүтүндөй дүйнө боюнча өтүп жатат. Туринден Токиого чейин адамдар согушту токтотууну талап кылып көчөгө чыгып жатышат.

Алар украин желектерин көтөрүп, «Путин, согушту токтот», «Украинадан колуңду тарт!»-деген ураандарды чакырышууда.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG