Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Европанын он чакты өлкөсү орусиялык авиакомпанияларга асманын жапты


Орусиялык авиакомпанияларга асманын жапка өлкөлөрдүн картасы. "Свобода" радиосунун иллюстрациясы.
Орусиялык авиакомпанияларга асманын жапка өлкөлөрдүн картасы. "Свобода" радиосунун иллюстрациясы.

Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу 26-февралда Литва орусиялык авиакомпаниялар үчүн асманын жапты. Мунун алдында Эстония менен Латвия да орус учактарынын учуусуна чектөө киргизген.

Ага чейин Британия, Чехия, Польша, Румыния жана Болгария да Орусиянын учактарынын учуусуна тыюу салган.

“Росавиация” аба транспортунун федералдык агенттиги да аталган өлкөлөргө жооп чара катары алардын учактарына Орусиянын үстүнөн учууга бөгөт койду.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды. Тараптардын сүйлөшүүсүнөн жыйынтык чыга элек.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө бала экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG