Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Киев Кремлдин багынып берүү талабын четке какты


Киев. Украин аскерлери
Киев. Украин аскерлери

Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович Орусия менен сүйлөшүүдөн Киевдин баш тартканын ырастап, мунун себептери алар койгон талаптар ынандырбаганы менен түшүндүрдү. Бул тууралуу Страна.ua сайтына таянуу менен “Азаттыктын” орус жана украин кызматтары жазды.

“Анткени, Орусия тарап ортомчулар аркылуу жеткирген талаптары бизди канааттандырган жок. Бул ачыктан-ачык эле бизди багынып берүүгө (капитуляция) мажбурлоо аракети болду. Биз аларга тынчтык келишими Москва койгон шарттардын негизинде эмес, Киев койгон шарттар боюнча гана жүрөрүн жеткиргендей болдук”,-деген Арестович.

Украин президентинин башка бир кеңешчиси Михаил Подоляк да Украина сүйлөшүүдөн качпаганын, алар ультиматум коюлбаган шартта сүйлөшүүгө барышарын жарыялады.

Мунун алдында Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинанын бийлиги жаңжалды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүдөн баш тартканын билдирген. Ал сүйлөшүү болбогондуктан Москва Украинанын аймагында аскердик операциясын улантып жатканын маалымдаган.

Владимир Зеленский 25-февралдагы видеокайрылуусунда Орусиянын Украинага басып киришин “Европага карата согуш” деп атап, Владимир Путин менен сүйлөшүү баштоону сунуштаган. Путин диалогду Беларустун борбору Минск шаарында уюштурууну демилгелеген. Киев болсо сүйлөшүүнү Венгрияда же Израилде өткөрүүнү талап кылган.

26-февралда Зеленскийдин басма сөз катчысы Сергей Никифоров журналисттерге Орусия менен ыктымал сүйлөшүүлөр деле кеңешилип жатканын билдирди.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG