Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:53

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн


Чүй өрөөнү.
Чүй өрөөнү.

Кыргызгидромет борбору 1-3-март күндөрү аба ырайы өзгөрүп, тоолуу райондордо, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүндүгүн эскертти.

1-мартта түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарынын тоолуу жерлеринде жамгыр, кар жаайт. Күндүз дээрлик бардык аймактарда жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 9...14,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 10...15,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...+1, күндүз 4...9,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 4...9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -22...-27, күндүз -1...-6°.

Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаайт. Түнкүсүн 0…2, күндүз 11…13°.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG