Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:55

Кыргыз өкмөтүнүн 3000ге жакын чечими күчүн жоготту


Президенттин админстрациясы жайгашкан имарат.
Президенттин админстрациясы жайгашкан имарат.

Кыргыз өкмөтүнүн 1991-жылдан 2021-жылга чейин кабыл алынган 2858 чечими күчүн жоготту. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгону 28-февралда расмий кабарланды.

Президенттин администрациясынын тапшырмасы менен Юстиция министрлиги 1991-2021-жылдар аралыгында кабыл алынган актылардын актуалдуулугу боюнча талдоо жүргүзгөн. Жыйынтыгында миңдеген чечим актуалдуулугун жоготкону такталган.

Тиешелүү токтом 30 жыл аралыгындагы актыларды инвентаризациялоонун алкагында иштелип чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG