Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:43

Байден: Орусияга каршы дагы катаал санкциялар киргизилет


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Орусияга каршы дагы катаал санкциялар киргизилерин билдирди.

Президент Жо Байден Конгресстеги кайрылуусунда, Украинага кол салган орус президенти Владимир Путин буга Батыш кандай жооп берерин туура эсептеген эмес деп белгиледи.

"Эркиндик тиранияны жеңет" деп сөзүн уланткан Байден Москвага каршы дагы жаңы катаал санкциялар даярдалып жатканын айтып, "Путин аны эмнелер күтүп жатканын элестете албайт" деп эскертти.

"АКШ НАТОго кирген өлкөлөрдүн аймагын катуу коргойт, Украинадагы согушка катышпайт", - деди Байден.

Орусиянын армиясы 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. Орус бийлиги жөн-жай тургундар жашаган аймактарга сокку урулганын четке кагып жатат.

Буга чейин АКШ Орусиянын Борбордук банкына, Финансы министрлигине, Улуттук бакубаттуулук фондуна, Түз инвестициялар фондуна санкция салган. Ошондой эле, бир катар Европа мамлекеттери дагы Орусияга каршы санкцияларды киргизип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG