Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Apple Орусиядагы ишин токтотууда


Орус куралдуу күчтөрүнүн Украинага киришине жооп иретинде Apple компаниясы Орусияда бардык продукциясын сатууну токтотту. Бул тууралуу компаниянын билдирүүсүн ABC News телеканалынын журналисти "Твиттерде" жарыялады.

Apple ошондой эле Apple Pay мобилдик төлөм кызматынын ишин чектеп, Орусиянын чегинен тышкары да AppStore дүкөнүндө Sputnik жана RT тиркемелерин бөгөттөдү.

1-мартта Google компаниясы Орусиянын мамлекеттик казынасынан каржыланган Russia Today жана Sputnik маалымат каражаттарынын YouTube порталындагы каналдарын Европа аудиториясы үчүн жапкан.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Андан бери ондогон жайкын тургундардын жана жүздөгөн аскерлердин өмүрү кыйылганы маалым болду. Орус бийлиги жөн-жай тургундар жашаган аймактарга сокку урулганын четке кагып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG