Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Улуттук банк үч күндө 37 млн. сомдук алтын куймалар сатылганын билдирди


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

28-февралдан 2-мартка чейин Улуттук банк 37,1 млн. сомго 6,4 килограмм алтын куймаларын саткан. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Кийин 1-мартта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирген.

Украинадагы кырдаалга байланыштуу доллардын наркы көтөрүлүп, сомдун куну арзандап жатат.

Улуттук банктын 28-февралга карата маалыматы боюнча бир грамм алтындын баасы 6 913 сомдон сатылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG