Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Кара-Сууда "Туратали" базарында иштегендер нааразылыкка чыгышты

Кара-Суу району. 2-март, 2022-жыл.
Кара-Суу району. 2-март, 2022-жыл.

Кара-Суу районундагы “Туратали” базарынын соодагерлери 2-март күнү директор Нурбек Эргешовдун иштен кетишин талап кылып митинг өткөрүштү.

Алардын айтымында, базар жетекчиси товар сактоочу жайлардын ордуна соода түйүндөрүн коюуну, базарга аты берилген Туратали Үсөн уулунун эстелигин жылдырууну пландап жатат. Сатуучулар буга нааразы.

Нурбек Эргешов эстелик жылдырылбай турганын билдирди.

Базарда соода орундарын ижарага алып иштегендер башкаларга кошумча ижарага (суб аренда) берип жүрүшкөн. Эргешов кошумча ижарага берүүгө болбой турганын, ошондуктан алар менен келишимди бузганын айтты жана базарды иретке келтирүү аракетин көрүп жатканын белгиледи. Ал базардын документтеги аянты 12 гектар, бирок азыр 3 гектар гана жер калганын кошумчалады.

"Туратали" базары 1994-жылы негизделген. 2008-жылы мамлекетке өткөрүлгөн. Базарда 1400 дөн ашуун соода оруну бар. (ArN)

XS
SM
MD
LG