Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:50

Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын кароо 9-мартка жылды


Өзгөндөгү Мирлан Ураимовду колдоо акциясы. 18.02.2022

Бишкек шаардык сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимовдун баш коргоо чарасын кароо ишти караган соттун ооруп калганына байланыштуу 9-мартка жылдырылды. Бул тууралуу анын тарапташтары билдиришти.

Соттун алдында Ураимовдун тарапташтары митингге чыккан, алар соттун ооруп калганына ишенбей турганын билдирип, нааразы экенин айтышууда.

Биринчи май райондук соту Ураимовду 10-февралда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камаган.

УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, ал ушул беренеде каралган кылмыштын белгилери бар материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалган.

18-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында февралда активист Мирлан Ураимовду колдогон акция өткөн.

Мирлан Ураимов “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү. Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG