Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

МАГАТЭ башчысы Иран бийлиги менен өзөктүк келишим боюнча сүйлөшөт


Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси жана Ирандын Атомдук энергия уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами. Тегеран, 23-ноябрь, 2021-жыл.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэл Гросси жана Ирандын Атомдук энергия уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами. Тегеран, 23-ноябрь, 2021-жыл.

БУУнун Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси 5-мартта Иранга барып, расмий жетекчилери менен кайрадан жолугушууларды өткөрөт. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

Гросси дүйнөлүк державалар менен Тегерандын ортосундагы өзөктүк келишимди жаңыртуу боюнча сүйлөшүү өткөрөт. Ал Иранга мурда да келген.

Бул келишим кабыл алынбай калышы мүмкүндүгү айтылып жаткан учурга туш келди. Ирандын бийлиги Батыш өлкөлөрүн ыкчам чечим кабыл алууга үндөсө, Тескерисинче, Батыш Тегеранды эртерээк ийге келүүгө чакырууда.

2-мартта Германиянын канцлери Олаф Шольц Ирандын бийлигин өзөктүк программа боюнча келишим боюнча маселелерди эртерээк чечүүгө чакырып, аны тез арада жаңылоо керектигин билдирген.

Венадагы сүйлөшүүлөр бир жылча мурдараак башталган. Өткөн айларда Батыш өлкөлөрү ал чечүүчү чекке келип калганын кабарлашкан. Тегеран санкцияларды жумшартуу шарты менен өзөктүк курал программасына чектөө киргизүүгө макул болуп жатат.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG