Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Орус жана беларус оюнчулары Бээжиндеги Паралимпиада оюндарынан четтетилди


Эл аралык Паралимпиада комитетинин президенти Эндрю Парсонстун басма сөз жыйыны.
Эл аралык Паралимпиада комитетинин президенти Эндрю Парсонстун басма сөз жыйыны.

Эл аралык Паралимпиада комитети (ЭПК) Орусия менен Беларусту Бээжинде өтчү кышкы Паралимпиада-2022 оюндарынан четтетти. Оюн 4-мартта ачылат.

ЭПК бейшемби күнкү билдирүүсүндө мындай чара комитеттин башкармалыгынын атайын олтурумунда чечилгенин билдирди. Анда белгиленгендей, бир катар оюнчулар орус жана беларус оюнчулары менен ойноодон баш тартышкан. Мындан сырткары Олимпиада айылдарындагы чыңалуу жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууда маселе чыкканы буга жүйө катары келтирилген.

Эл аралык Паралимпиада комитетинин президенти Эндрю Парсонс орус жана беларус жарандарынын четтетилгенине өкүнгөнүн билдирип, алар эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн аракеттеринин курмандыгы болуп калганын айтты.

Орусиянын Паралимпиада комитети бул чектөөнү мыйзамсыз жана негизсиз деп атап, аны даттанарын маалымдады. Мурдараак аталган эки өлкөнүн оюнчулары мамлекеттердин атынан эмес, нейтралдык макамда чыгары айтылып жаткан эле.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Сегиз күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Украин бийлиги 2-мартка карата эки миңдей жайкын тургун каза болгонун ырастады. Орус армиясы жайкын тургундар жашаган аймактарды бутага алганын четке кагып жатат.

Беларус быйыл 10-февралдан бери өз аймагында Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүп жаткан. Орус аскерлери ошол жак аркылуу да Украинага киришти. Лукашенко беларус аскерлери кол салууга аралашпаганын билдирип келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG