Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Бийчи Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү кечирим сураганын билдирди


Атай Өмүрзаков. Архив.
Атай Өмүрзаков. Архив.

Бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү түшүнбөстүк үчүн кечирим сурап, келишим күчүндө экенин айтышканын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Бийчи даниялык өнөктөштөрү жазган электрондук катты да тиркеген. Анда "өлкөңүздү Орусиянын бөлүгү деп ойлоп алыптырбыз. Кечирип коюңуз. Виза беребиз, келишим күчүндө. Орусия аркылуу учууга болбогондуктан кантип келериңизди ойлонуңуз. Балким Казакстан аркылуу?" - деп жазылган.

Бийчи Атай Өмүрзаков 2-мартта даниялык өнөктөштөрү "Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деген негизде буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөн болушу ыктымал" деп билдирген.

1-мартта Украина Кыргызстан менен Грузиянын соңку кырдаал боюнча позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги элчилерин кеңешүүгө чакыртып алган. Грузиянын бийлиги Орусияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа, Орусиядагы бийликчил басылмалар Жапаров Путиндин Украинадагы "атайын операциясын кубаттаганын" жазышкан.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирди. Андан бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жасалууда.

1-мартта орус аскерлеринин чабуулунун экинчи толкуну башталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2-марттагы чукул сессиясында Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Москванын Украинага карата согушун тез арада токтотуусун жана Украинанын аймагынан жоокерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган документти жыйынга катышкан 193 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 141и колдоду.

БУУнун таблосунда көрүнгөндөй, Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия резолюцияга “каршы” добуш беришти. Армения, Кытай, Конго, Куба, Индия, Ирак, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөр добуш берүүдөн карманышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG