Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Киев менен Москва гуманитардык коридорлордо ок атышпоону макулдашты


Орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы. 3-март, 2022-жыл.
Орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы. 3-март, 2022-жыл.

Орус-украин делегацияларынын Беларустун Брест облусунда өткөн 3-марттагы сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасында тараптар гуманитардык коридорлорду уюштурууну, ал аткарылып жаткан учурда ок атышууну убактылуу токтото турууну макулдашты. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге билдирди.

Ал украин делегациясы башка талаптары боюнча жыйынтык ала албаганын кошумчалап, алар үчүнчү раундда сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Сүйлөшүүнүн алдында ал Киев биринчи кезекте ок атышууну дароо токтотуу, тынчтык келишимине келүү, гуманитардык коридор ачуу маселелерин коёрун билдирген эле.

Орусиялык делегацияны жетектеп барган президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский да тараптар гуманитардык коридорлордо ок атышпоону макулдашканын ырастады. Ал дагы делегациялар кайрадан сүйлөшүү үчүн чогуларын тактады.

Гуманитардык коридор – бул атышуу уланып жаткан аймактарда кирип-чыгуу үчүн эки тарап убактылуу ок атпоо тууралуу келишкен жолдор. Ал аркылуу атышуу болуп жаткан аймактардан аялдарды, балдарды жана кары-картаңдарды коопсуз чыгарып жиберүү ишке ашырылмакчы. Мындан сырткары гуманитардык жардамдар жеткирилет.

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүлөрүнүн биринчи айлампасы 28-февралда украин-беларус чек арасында өткөн. Тараптар анда бир пикирге келе алышкан эмес. Айрым чечимдер такталганын, калганын өз жетекчилери менен кеңешүү үчүн артка кайтып жатканын билдиришкен. Экинчи айлампа 2-мартта өтөрү кабарланып, кийин белгисиз себептер менен болбой калган.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба мурдараак Киев ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин билдирип, бирок алар Орусиянын талаптарына макул болбой турганын айткан. Ал Москва Украинанын бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк Элдик Республикасы” менен “Луганск Элдик Республикасын” таанууну жана толугу менен куралсызданууну талап кылып жатканын маалымдаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG