Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:07

5-мартта тоолуу райондордо кар жаайт


Ошто тоо бооруна ачылган гүл. Март, 2022-жыл.
Ошто тоо бооруна ачылган гүл. Март, 2022-жыл.

5-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлеринде кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,

Талас облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 13...18,

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13,

Нарын жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18...-23, күндүз 0...-5°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 4…6, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG