Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Түркияда кыргызстандык келин киши колдуу болду


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстандык келинди чогуу жашаган түркмөнстандык адам мууздап кеткени тууралуу түрк медиасы маалымат таратты. Окуя 1-мартта болгон. Стамбулдагы Башкы консулдуктун маалыматында марттын алгачкы үч күнүндө эле Кыргызстанга үч "Жүк-200" жөнөтүлгөн.

3-мартта түркиялык Habertürk басылмасы Стамбул шаарынын Үмрание районунда турган 41 жаштагы кыргызстандык Айдана аттуу келинди чогуу жашаган Түркмөнстандын жараны 36 жаштагы Аман аттуу эркек мыкаачылык менен өлтүргөнүн, кийин шектүү кармалганын кабарлады.

Бирок Айдана менен Амандын ортосундагы чыр-чатак үстүбүздөгү жылдын 24-февралында эле башталганы маалым болду. Ал күнү Айдана чогуу жашаган киши аны "ур-токмокко алып жатканына" арызданып полиция чакырган.

Полиция анда шектүүнү кармап, суракка алган. Ал көрсөтмөсүндө Түркияда мыйзамсыз жашаганын, официант болуп иштегенин жана буга чейин Түркияда соттолгонун айтып берген.

Усанов февралдагы суракта, аны менен жашап аткан кыргыз келин көзүнө чөп салганы үчүн кол көтөргөнүн айткан.

"Сүйлөшкөн кызымдын коңшу киши менен ынак мамиледе болгонун байкап, аңдый баштадым. Кийин эки киши мени коркутту. Сүйлөшкөн кызыма айтсам, "ооба менин сүйгөнүм бар, эмне болду?" деп жооп берди. Андан көп өтпөй эки киши мени тапанча менен коркутуп, видеого тартып алышты. Кийин бул көрүнүш дагы кайталанды. Полиция бөлүмүнө барып абалды түшүндүрдүм, бирок алар жардам берген жок. "Бар, эс алып кел" деп жолго салышкан", - деп көрсөтмө берген шектүү.

1-мартта кечинде алар чогуу жашаган батирде дагы чыр чыккан. Келиндин мууздалганын көргөн кошуналары дароо полиция чакырышкан.

Окуяга күбө катары көрсөтмө берген Эрсин Күлах бул окуяга нес болуп турганын жашырган жок.

"Жигитти күндө эле көрчүбүз. Дайыма менин дүкөнүмдөн соода кылчу. Жакшы эле жигит болчу. Мындай иш болуп кетерин кайдан билдик. Абдан жаман болдук. Аялын да тааныйбыз. Булар мурда урушуп кетсе керек эле, буга чейин эле полиция келген. Өтө өкүнүчтүү окуя болду".

Шектүү кармалып, ага "атайлап киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу "Азаттыкка" маалыматты ырастады. Учурда маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү аракети көрүлүп жатканын билдирди.

Башкы консулдуктун маалыматында үстүбүздөгү жылдын февраль айында сегиз, марттын үч күнүндө эле Кыргызстанга үч "Жүк-200" жөнөтүлгөнүн билдирди.

Түркияга барган кыргызстандык кыз-келиндер киши колдуу болгон учурлар буга чейин да катталган. Былтыр октябрда Түркиянын Текирдаг аймагында жашаган 30 жаштагы кыргызстандык келинди кайнатасы мыкаачылык менен өлтүргөн.

Быйыл 17-январда Түркияда кыргызстандык аялды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн түркиялык кишиге кылмыш иши козголгон.

2020-жылы Анталия шаарында 23 жаштагы кыргызстандык кыз бейтааныш адамдын кол салуусунан каза тапкан.

2016-жылы Анталия шаарына бала багуучу болуп иштегени барган Малика эс-учун жоготуп, катуу сабалган абалда табылып, бир нече жолу башынан операция болгон.

"Аялдарды өлтүрүүнү токтотобуз" платформасынын статистикасына ылайык, Түркияда былтыр 280 аял киши колдуу болуп, 217 аялдын өлүмү иликтенбей калган. Алардын ичинде канчасы чет өлкөлүк кыз-келин экени айтылган эмес.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өтүп жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG