Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:42

АКШ Путиндин айланасындагы олигархтарга санкция салды


Орусиянын президенти Владимир Путин олигарх Алишер Усмановго мамлекеттик сыйлык ыйгарып жатат. 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин олигарх Алишер Усмановго мамлекеттик сыйлык ыйгарып жатат. 2018-жыл.

АКШ орусиялык олигархтарга, Орусиянын президенти Владимир Путиндин айланасындагы адамдарга, анын ичинде маалымат катчысы Дмитрий Песковго жаңы санкция салды.

Андан тышкары «кара тизмеге» Алишер Усманов да кирди. Ак үйдүн билдирүүсүндө ал Орусиядагы эң бай адамдардын бири жана Путиндин жакын санаалашы катары белгиленген.

Ошондой эле Мамлекеттик департамент «элдин эсебинен байыган» 19 орусиялык чириген байга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, жакындарына виза берүүгө тыюу салды.

«Бул адамдардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн АКШдагы активдери камакка алынат, үй-мүлкүн колдоно албай калышат» - деп Ак үй тараткан билдирүүдө айтылат.

Буга чейин Британия өкмөтү да Алишер Усмановго жана Орусиянын мурдагы вице-премьер министри Игорь Шуваловго санкция салган.

АКШ президенти Жо Байден 1-мартта жасаган кайрылуусунда Путинге байланышы бар байлардын яхталарын, ак сарайларын, жеке учактарын конфискациялоо жүргүзүлөрүн билдирген.

Теги өзбек, орусиялык олигарх Алишер Усмановдун 156 метрлик, баасы 600 миллион доллар турган яхтасын немис бийлиги 3-мартта конфискациялаганы тууралуу маалымат тарады. Ушул эле күнү француз өкмөтү орусиялык магнат Игорь Сечиндин яхтасын конфискациялаганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG