Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:13

Зеленский: Украина Орусияга туруштук бербесе, кезек Балтика өлкөлөрүнө келет


Владимир Зеленский 3-марттагы басма сөз жыйынында. Киев, Украина.
Владимир Зеленский 3-марттагы басма сөз жыйынында. Киев, Украина.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 3-марттын кечинде кенен басма сөз жыйынын өткөрүп, Батыш өлкөлөрүн Киевге аскердик жардам күчөтүүсүн өтүндү. Ал ансыз Орусия баскынчылыгын уланта берерин жана анын соңу Европанын калган бөлүгүнө чейин уланарын билдирди.

“Кудай анын бетин салбасын, эгер Украина Орусияга туруштук бере албаса, анда кийинки кезекте Латвия, Литва, Эстония турат. Мага ишенип койгула”, - деди Зеленский.

Украин лидери Орусиянын президенти Владимир Путинди түздөн-түз сүйлөшүүгө үндөп, бул согушту токтотуу үчүн бирден-бир жол экенин ортого салды.

“Бирок Макрон, же Шольц жана башкалар менен отургандай 30 метрлик аралыкта эмес. Мен деген коңшумун да! Мени 30 метр алыс отургузуштун кереги жок. Мен тиштеп албайм. Мен катардагы жигитмин. Мени менен отур, сүйлөш, эмнеден коркосуң? Биз эч кимге коркунуч жаратпайбыз, биз террорчу эмеспиз”,- деди украин президенти.

3-марттын кечинде Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен өткөн жыйында Украинадагы согуштук аракеттер жөнүндө кайрылуу жасады. Аракеттер план боюнча жүрүп жатканын, дагы улантыларын билдирди.

Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Сегиз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. Жүздөгөн киши каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG