Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Кытай грантына Бишкектин көчөлөрүн оңдоонун 1-фазасы жыйынтыкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында Кытай грантына жасалып жаткан жолдордун 1-фазасы расмий жыйынтыкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Кытай грантынын эсебинен Бишкектин жолдорун оңдоонун 1-фазасы 2016-жылы башталган. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө, 180 чакырым тротуар салынып, ирригациялык система жаңыртылды.

Мындан тышкары алты көпүрө жана бир эстакадалык көпүрө курулган.

Гранттык каражаттын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 1-фазасынын алкагында кабыл алуу, өткөрүү актысына кол коюу аземи Экономика жана коммерция министрлигинде өткөн.

Кол коюу аземине экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров, Кытайдын элчиси Ду Дэвень катышкан.

Ушул жылдын 27-февралынан тартып Кытай грантына Бишкектин көчөлөрүн оңдоонун 2-фазасы башталды. 2-фазанын алкагында Бишкек шаарында беш көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчөнү оңдоо пландалууда.

Кытай грантынын эсебинен көчөлөрдү оңдоону кытайлык компания ишке ашырат.

Бишкек шаарында жолдорду оңдоо иштери Кытай грантынан тышкары шаардык бюджеттин эсебинен дагы жүргүзүлөт. 2016-2020-жылдары шаардык бюджеттин планына 80ден ашык көчөнү асфальттоо кирген.

“Бишкекасфальтсервис” ишканасынын директору Талант Солтобаев 3-мартта билдиргендей 80ден ашык көчөнү ремонттоого бөлүнгөн 772 млн. сомдун 250 млн. сомунун сарпталышы тууралуу гана документтер бар. 520 млн. сом каякка сарпталганы белгисиз.

Мэрия 1 миллиард сомго жакын акчанын эсебин таппай жатканы тууралуу "Азаттыктын" журналисти Айбек Бийбосунов "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөө жарыялаган. Бюджеттен жоголгон бул каражат жол курулушуна жумшалмак.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG