Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Украин мигранттарынын агымына байланыштуу Чехия өзгөчө абал жарыялады


Чехиянын Прага шаарына келген украиналык качкындар.
Чехиянын Прага шаарына келген украиналык качкындар.

Украиналык мигранттардын агымына байланыштуу Чехиянын бийлиги 4-марттан баштап өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизди. Расмий кабарда айтылгандай, бул өкмөткө, аймактык администрацияларга, муниципалитеттерге жана башка субъектилерге качкындарга жардам берүүгө жеңилдик бермекчи. Режим Чехиянын өзүнүн жарандарына жайылтылбайт.

Seznam Zpravy жергиликтүү басылмасы өзгөчө абал режиминин себеби качкындардын кескин көбөйгөнү менен байланыштуу экенин жазды. Режим 30 күнгө күнгө созулат.

Чех өкмөтү Украинага гуманитардык жардам уюштуруу жана өз өлкөсүнүн коргоо тармагынын бюджетин көбөйтүү үчүн 1 млрд. крон кошумча бөлдү. Бул каражаттардын бир бөлүгү чех армиясына курал сатып алуу үчүн жумшалмакчы.

Чехия мындан сырткары Беларустун жарандарына виза берүү үчүн жана убактылуу же туруктуу жашоо үчүн арыздарды кабыл алууну токтотту. Мурдараак ушундай эле эреже Орусиянын жарандарына киргизилген.

Орусиянын кол салуусунан улам Украинанын өзүндө 24-февралда өзгөчө абал киргизилген. Президент Владимир Зеленский жалпы улуттук мобилизация жарыялаган. Ошол эле күнү Молдова дагы ушундай режимде жашоого өткөн.

Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. Жүздөгөн киши каза болду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG