Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Ошто жасалма доллар сатууга шек саналган эки киши кармалды


Шектүүлөрдөн алынган жасалма акча.
Шектүүлөрдөн алынган жасалма акча.

Ошто жасалма доллар сатууга шек саналган эки киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Алар 3-март күнү жасалма акчаны Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө сатууну көздөгөнү айтылууда.

Милициянын ыкчам тобу шектүүлөрдү кармаган учурда биринин жанынан 100 долларлык 50 даана, экинчисинен жети даана купюралар табылган.

Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кармалгандар күнөөнү моюнга алып, Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. (ArN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG