Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:24

Украинадан бир миллиондон ашуун киши чыгып кетти


Украиналык качкындарды кабыл алып жаткан мамлекеттер.
Украиналык качкындарды кабыл алып жаткан мамлекеттер.

Орусия басып кирген 24-февралдан 4-мартка чейин 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча агенттиги кабарлады.

Качкындардын көпчүлүк бөлүгүн Польшада жана Молдова кабыл алды. Мындан сырткары Румыния, Венгрия, Словакияга да көп тургундар чыгып кетишкен. Качкындар андан ары башка мамлекеттерге да өтүүдө.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Салгылашууда жүздөгөн адам каза болгону кабарланууда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG