Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Улуттук банк валюта базарына дагы 55,35 миллион доллар чыгарды


Кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн Улуттук банк 4-мартта валюта базарына дагы 55,35 миллион доллар чыгарды. Анын 26,80 миллиону накталай сатылганын башкы каржы мекемесинен кабарлашты.

4-мартта коммерциялык банктарда жана менчик акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ долларынын баасы 98 сом 50 тыйынга чейин сатылды. Улуттук банк 5-мартка карата расмий курсту 97 сом 67 тыйын деп белгиледи.

Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учураган сайын кыргыз сомунун куну дагы төмөндөйт деген кооптонуу айтылып жатат. 25-февралга чейин 1 доллардын наркы 85 сомдун тегерегинде болгон.

Улуттук банк жыл башынан бери сушуну менен төрт жолу интервенция жасап, 200 миллиондон ашуун долларды каржы базарына чыгарды. Акыркы жолу 24-февралда 14 млн. доллар саткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG