Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:11

Садыр Жапаров күч кызматкерлерин соттордун ишине аралашпоого чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров күч органдарынын кызматкерлерин соттордун ишине кийлигишпөөгө чакырды. Мындай пикирин 4-мартта судьялардын курултайында айтты:

"Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик
комитеттин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кайрылам, соттордун ишине кийлигишип, судьяларга кысым көрсөтүп, өзүңөргө керектүү иштерди өткөрүү тажрыйбаңарды токтоткула! Бул менин сиздерге катуу эскертүүм болсун!".

Президент жүрүм-туруму шек жараткан, мыйзамга каршы келген чечим чыгарган судьяларды жазага тартуунун жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын кошумчалады. Ошондой эле, сот адилеттигине эл арасында дагы деле нааразылыктар көптүгүн белгиледи.

Кыргызстанда сот тутумундагы жемкорлукка эл арасында көп нааразылык бар. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү тарабынан сотторго кайсы бир чечимди кабыл алууда басым болуп турары айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG