Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Жогорку соттун төрагасы отурумда тыюу салууларды токтотууга чакырды


Замирбек Базарбеков
Замирбек Базарбеков

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков судьяларга кайрылып, отурумдардагы түрдүү тыюу салууларды токтотууга чакырды. Мындай пикирин 4-мартта судьялардын курултайында айтты:

"Иштерди эч себеби жок эле жабык кароону, видеожазууларды жүргүзүүгө тыюу салууну токтоткула. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышты чыңдап, өркүндөтүү өтө маанилүү. Сотторду өз учурунда калыс жана туура маалымат берүүгө үндөйм".

Базарбеков бул талап сот адилеттигинин ачыктыгын камсыздоо боюнча мыйзамдын талабы экенин белгиледи.

Анын алдында сүйлөгөн президент Садыр Жапаров күч органдарынын кызматкерлерин соттордун ишине кийлигишпөөгө чакырып, эскертүү берген.

Кыргызстанда сот отурумдары судьянын чечими менен жабык өткөн, журналисттер киргизилбеген учурлар тез-тез болуп турат.

Эл арасында сот тутумундагы жемкорлукка нааразылык бар. Ошондой эле бийлик өкүлдөрү тарабынан сотторго кайсы бир чечимди кабыл алууда басым болуп турары айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG