Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

NEXT TV телеканалынын колдоочулары УКМКнын астына митингге чыкты


NEXT TV телеканалынын колдоочулары Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) алдына митингге чыкты. Чогулгандар телеканалдын директору Таалай Дүйшембиевди бошотууну, козголгон кылмыш ишин токтотууну, эфири токтотулган каналдын ишин калыбына келтирүүнү талап кылышууда.

Телеканалдын негиздөөчүсү, саясатчы Равшан Жээнбеков телеканалга козголгон кылмыш ишин саясий буйрук деп атады.

"Мен ойлойм бул ишти президент кылган жок, бул ишти Ташиев кылып жатат, УКМК кылып жатат. Анткени эки айдан бери артымдан аңдышып, камайбыз деп даярданып жүрүшөт. Ачык эле айтышкан Таалайды же сени камайбыз деп", - деди Равшан Жээнбеков.

Жээнбековдун айтуусунда, маалымат тараган социалдык баракчанын телеканалга тиешеси жок.

Адвокат Акмат Алагушев 4-мартта УКМКда Таалай Дүйшембиевди суракка алышканын, анын баш коргоо чарасы 5-мартта караларын билдирди.

3-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV телеканалына "улуттар аралык кастыкты козутту" деген негизде кылмыш иши козголгонун билдирген.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, "Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт" деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта "кастык козутуучу белгилер бар" деп тапкан.

NEXT TV телеканалынын ээси Равшан Жээнбеков кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып, канал маалыматты кайсы бир булакка шилтеме берүү менен тарата турганын билдирген.

Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы, чет өлкөдө жашаган саясий бозгун Алнур Мусаевдин "Тажикстан менен Кыргызстан Москванын басымы астында Орусияга аскердик жардам көрсөтүүгө даяр" деп айткан сөздөрү тараган.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги мындай маалыматты дароо четкe каккан. Министрлик жарандарды расмий булактардан алынган маалыматка гана ишенүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG