Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:38

Депутат Орусиянын 100 адамдык бир ротасында 96 аскер өлгөнүн айтты


Орусиянын Федерациялык Кеңешинин депутаты Людмила Нарусова
Орусиянын Федерациялык Кеңешинин депутаты Людмила Нарусова

Орусиянын Федерациялык Кеңешинин депутаты Людмила Нарусова 4-мартта палатанын жыйында орус аскерлеринин Украинадагы жоготуулары жөнүндө маселе көтөрдү. Ал согуштук аракеттерге аскерде милдеттүү кызмат өтөөгө чакырылгандар да тартылганын белгилеп, алар менен мажбур түрдө келишим түзүлүп жибергенин билдирди.

“Кечээ салгылаш жүрүп жаткан зоналардан милдеттүү кызмат өтөгөндөр чыгарылыптыр. Аларды келишимге кол коюуга мажбурлашыптыр же алар үчүн өздөрү эле кол коюп салышыптыр. Бирок жыйынтыгында 100 адамдык бир ротадан болгону төрт аскер аман калган учур катталыптыр”,-деди Людмила Нарусова.

Депутат өз сөзүндө Украинадагы орус аскерлеринин жоготуулары жөнүндө маалыматтар толук берилбей жатканын сынга алды. Ал милдеттүү кызмат өтөгөндөрдүн мындай операцияларга катышуусунун мыйзамдуулугу жөнүндө буга чейин эле маселе көтөргөнүн айтты.

Людмила Нарусова соңку маалыматты аскердик мекемеден алганын маалымдады. Орусиянын Коргоо министрлиги маалыматты ырастап же төгүндөй элек.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597и жаракат алганын 2-мартта моюнга алган. Мекеме андан бери каза болгон аскерлеринин саны тууралуу маалымат бере элек.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Тогуз күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевде жана Харьковдо жасалды. Салгылашууда жүздөгөн адамдар каза болду. (ErN)

XS
SM
MD
LG