Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Украинадагы согушка каршы Бишкекте акцияга чыккандар кармалганы кабарланды


Украинадагы согушту токтотууга чакырган акция. Бишкеек, 25-февраль.
Украинадагы согушту токтотууга чакырган акция. Бишкеек, 25-февраль.

Украинадагы согушка каршы 5-мартта Бишкекте акцияга чыккандарды милиция кармап кеткени кабарланууда. Бул тууралуу "Кылым шамы" адам укугун коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова маалымдады.

Анын белгилешинче, акциянын катышуучулары Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чогулушкан. Айрымдары балдары менен чыккан. Милиция кызматкерлери "балдарды акцияга алып чыгуу мүмкүн эмес" деп, катышуучуларды балдары менен кармап кеткени айтылууда.

Буга чейин акцияга чыккандардын бирин милиционерлер кармап, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө алып кеткенин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров "Азаттыкка" билдирген.

Шаардык жана райондук милиция бөлүмдөрүнөн бул маалыматты тактоого азырынча мүмкүн болгон жок.

Ушул күнү орус элчилигинин алдында Москваны колдогон адамдар тобу да акция өткөргөнү жөнүндө айрым маалымат булактары кабарлап, видеосу жарыяланган.

Бишкекте жана Ошто буга чейин да Украинадагы согушту токтотуу чакырыгы менен акциялар уюштурулган.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Жүздөгөн адамдар курман болду.

Бул арада 1 млн. 200 миңден ашуун адам Украинадан сыртка чыгып кеткенин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча агенттиги кабарлаган.

Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде Орусиянын агрессиясына каршы акциялар өтүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG