Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Украинада гуманитардык коридордо жарандарды эвакуациялоо планы ишке ашпай калды


Аткылоого кабылган Мариупол шаары.
Аткылоого кабылган Мариупол шаары.

5-мартта орус аскерлери басып турган Мариупол жана Волноваха шаарындагы жайкын тургундарды чыгарып кетүү планы ишке ашпай калды.

Мариуполдун администрациясы орус аскерлери ок атпоо режимин сактабаганы үчүн эвакуация артка жылып жатканын кабарлады. Украинанын убактылуу басып алынган аймактарын интеграциялоо боюнча министр Ирина Верещук Волновахадагы тургундарды эвакуациялоо да токтоп калганын билдирип, буга орус аскерлерин айыптады.

Орусиянын Коргоо министрлиги тескерисинче украин жоокерлери келишимди аткарбай койгонун билдирди. Москва "украин тарап жайкын тургундарды тирүү дубал” катары колдонгусу келип жатат" деп маалымдады.

Орус тарап Украинанын бийлигине согуштук талаада биринчи жолу гуманитардык коридор берип, 5-март күнү Москва сааты боюнча 10:00дөн баштап тынчтык режимин жарыялаганын билдирген. Гуманитардык коридорлорду ачуу макулдашылганын расмий Киев да ырастаган.

Орус-украин делегацияларынын Беларустун Брест облусунда өткөн 3-марттагы сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасында тараптар гуманитардык коридорлорду уюштурууну, ал аткарылып жаткан учурда ок атышууну убактылуу токтото турууну макулдашкан. Орус тарап ошондон бери өзү басып алган аймактарда ок атылбаган жолдорду уюштуруп бере элек болчу.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Он күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG