Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

Орусия Кыргызстандан жер-жемиш ташууга уруксат берди

Орусиянын "Россельхознадзор" ишканасы Кыргызстандан помидор жана калемпир ташууга уруксат берди.

Аталган мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, 5-марттан тарта тогуз мамлекеттен жашылча-жемиштерди ташуу үчүн мурда киргизилген чектөөлөр жоюлду.

Буга чейин Орусия Борбор Азия мамлекеттеринен, Азербайжан, Армения, Түркия, Египет жана Беларустан жашылча-жемиштери ташууга чек койгон эле.

Орус тарап соңку жылдары бул өлкөлөрдөн келчү жемиштерди сактоодо фитосанитардык талаптар аткарылбай, мыйзам бузуулар болуп жатканын жүйө келтирип, киргизбей койгон учурлар көп катталган.

​
XS
SM
MD
LG