Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Кыргызстандын 78,5 тонна азыгы Орусияга өткөрүлгөн жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия Кыргызстандан ташылып барган айыл чарба азыктарын чек арадан өткөрбөй койду. «Россельхознадзор» мекемесинин маалыматына караганда, өткөн аптада Оренбург жана Самара облустарындагы казак-орус чек ара бекеттеринде Кыргызстандан жана Казакстандан ташылып барган жалпысынан 138 тонналык өндүрүм кармалган.

Фитосанитардык текшерүү жүргүзүлүп, Кыргызстанда өндүрүлгөн 78,5 тонна кургатылган мөмө-жемиш, күрүч, жер жаңгак жана ит мурундун тийиштүү сертификаты жок экени аныкталган.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, карантиндик тизмеге кирген азыктарды атайын сертификатсыз өткөрүү аракети үчүн жоопкерчилик каралган.

Кыргызстандык ишкерлердин өндүрүмүн орус тарап кабыл албай койгон учурлар буга чейин да болгон.

Кыргызстан жана Орусия - Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) тең укуктуу мүчөсү. Бул уюм 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы Биримдиги катары түзүлгөн. Кийин 2015-жылы Армения менен Кыргызстан кошулган. Кийинки жылдары ЕАЭБге мүчөлүк Кыргызстанга пайда алып келбегени тууралуу пикирлер парламентте айтылып, уюм ичиндеги пикир келишпестиктер тууралуу өкмөт да билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG