Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Росавиация авикомпанияларга чет жакка учпай турууну сунуштады


Орусиянын Москва шаарындагы Шереметьево аэропортундагы учактар.
Орусиянын Москва шаарындагы Шереметьево аэропортундагы учактар.

Орусиянын Росавиация мамлекеттик мекемеси атамекендик авикомпанияларга 6-марттан баштап бардык чет элдик каттамдарды токтото турууну сунуштады. Бул тууралуу "Интерфакс" маалымат агенттиги жазды.

Мындай сунуш негизинен учактары чет элдик компаниялар менен лизинг келишимине алынган компанияларга берилди. Соңку санкциялардан кийин орусиялык авикомпанияларга лизингге алынган транспорттору чет бир нече мамлекеттерде камакка алынган эле.

Ишемби күнү "Аэрофлот" жана “Победа” авиакомпаниялары 8-марттан тартып Беларустан башка мамлекеттерге учууларын токтоторун жарыялады. Ага чейин S7 Airlines жана Smartavia авиакомпанииялары бардык эл аралык каттамдарын, анын ичинде Кыргызстанга болгон учууларын токтоткон.

Авиакаттамдарды токтотууга Европа мамлекеттеринин аба мейкиндиктерин жабуусу жана Евробиримдиги менен АКШ баштаган мамлекеттердин санкциялары себеп болду. Санкциялар орусиялык авиакомпанияларга учактарды, аларга тетиктерди жана жабдууларды сатууга тыюу салат. Мындан сырткары учактарга ээлик кылган компаниялар орусиялык компаниялардан лизингге берилген транспортторду кайтарууну талап кылып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG