Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:06

Путин Орусияга аскердик абал киргизүү планы жоктугун айтты


Владимир Путин "Аэрофлот" авиакомпаниясынын кызматкерлери менен. 5-март, 2022-жыл.
Владимир Путин "Аэрофлот" авиакомпаниясынын кызматкерлери менен. 5-март, 2022-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөгө аскердик абал режимин киргизүү жана жалпы улуттук мобилизация жарыялоо планы жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 8-март аялдардын майрамына карата орусиялык авиакомпаниялардын кызматкерлери менен жолугуп жатып билдирди.

“Аскердик абал өлкөгө сырттан агрессия жасалган учурда гана киргизилет. Бирок бизде андай учур жок, мындан ары да болбойт деп үмүт кылам”, - деди Путин.

Мунун алдында социалдык түйүндөрдүн орус сегментинде “Орусияда аскердик абал киргизилиши мүмкүн” деген маалыматтар тарап жаткан.

Учкуч аялдар менен жолугушууда Владимир Путин Украинага басып киргенден кийин Орусияга каршы кабыл алынган санкциялар “согушка айыптоо” менен бирдей экенин маалымдады. Ал Украинанын үстүндө учуусуз зона киргизүү идеясын айыптап, мындай аракеттер “согуштук жаңжалга аралашуу катары” кабылданарын кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Он күндөн бери Украинанын дээрлик бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуул Киевге жана Харьковго жасалды. Салгылашууда жүздөгөн адам каза болду, миллиондон ашык адам Украинаны таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG